КЭР ИИМ расмий өкүлү Чжао Лицзяндын маалыматына ылайык Гонконгго карата киргизилген санкцияларга жооп иретинде Кытай америкалык 11 расмий адамга карата санкция киргизди.

Санкцияга кабылгандардын арасында сенаторлор Марко Рубио жана Тед Круз дагы бар.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Финансы министрлиги Кытай менен Гонконгдун жогорку кызмат орундарды ээлеп отурушкан бир катар аткаминерлерине карата санкция кабыл алган. АКШ бийлиги мындай санкцияларга кабылгандардын бардыгынын «Гонгкондун жарандарынын эркиндигин чектөөгө түздөн-түз катыштыгы бар»-деп эсептейт.