КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Белоруссия президенти Александр Лукашенкону президенттик шайлоодогу жеңиши менен биринчи болуп куттуктады.

«Кытай Өкмөтүнүн жана кытай элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизди кайрадан президент болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Беларусь Республикасы сөзсүз баш айландырган ийгиликтерге жетет», — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, Белоруссия президентин шайлоо 9-август күнү өтүп, алдын ала алынган маалыматтар боюнча Лукашенко шайлоочулардын 80.23%ына ээ болгон. Тилекке каршы, шайлоо аяктагандан кийин өлкө боюнча нааразылык акциялары орун алып, башаламандыктарга жол берилген.