Артында калбыры бар адамдар азыр кадам аттаган сайын кезигип, кызыгы алардын калбырлуу экендигине карабай мамлекеттик иштерде иштеп, жасаган мыйзамсыз иштерин кызмат абалынан пайдаланып, жашырып жаап келгени эмненин белгиси. Азыркы президентибиз коррупция менен аесуз күрөшөм деп аракет кылып жатат. Бирок, тамыры ар бир тармакка чырмооктой чырмалып калган коррупциянын бир тамырын кыркса, экинчи тамыры жайылып, коомчулук биргелешип күрөшпөсөк, кыйын болуп турат.

«Саякбай» фондунун жетекиси Самат Ибраев тууралуу айталы. Ал Бакиев өлкөнү башкарган мезгилдерден бери эле Кыргызстанда курулуш материалдарын дүң жана чекене баада сатууну колго алган «Строймир»  компаниясынын акционерлеринин бири болгон Майрамкул Шабдановду сызга отургузгандыгы тууралуу кулагыбыз чалган. Рейдерлик жол менен компанияны толук өз менчигине алууну көздөп жаткандыгы тууралуу далай маалымат булактары жазды. Айрым маалыматтарга таянсак,  2010-2018-жылдары «Строймирде» склад башчы болуп Шабдановдун тууганы иштеп, андан пайдаланган Самат Ибраев ага карата жалган жалаа жаап, айтор, курулуш материалдарын, материалдык ресурстарды, акча каражатын чыгарып кетти делип жалаага кабылган Шабдановдун тууганы тиешелүү органдарга арыз менен кайрылса дагы Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматында отурган Ибраев бардык ишти караттырбай, болгон аракетин көрүп келген.

Айтмакчы бул ишти текшерүүдө Самат мырзанын уулу Данияр Ибраевдин кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, сизого камалып чыкканы тууралуу дагы маалымат бар. Данияр Ибраевди аталган компаниянын кассасынан чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып, белгисиз жакка жашырынып кеткени тууралуу дагы кабардар болгонбуз. Кызыгы, атасынан алдым-жуттумдулукту мыктап үйрөнгөн уулу Данияр атасынын өнөктөшү шабдановду эле эмес, башка адамдардын дагы акчасын алдап алып сызга отургузган. Ошентип, Самат Ибраевдин дагы, баласы данияр Ибраевдин дагы бети калың экен, эмдигиче алдап алган акчаларды ишкерлерге, куруучуларга бергиси келбей, убакыт өткөрүп, атасы уулун алыскы олгарияга качырып жиберип, алакан жайып, эмне кыла аласыңар таризинде, мурдун балта кеспей отурат. Баласы дагы Кыргызстанга келүү түрү жок. Анткени, атасы Болгариянын укук коргоо органдарына төлөчүсүн төлөп койгондугу аны жакшы тааныган тар чөйрөдө кеп боло калып жүрөт. Атасы андай шарт түзүп турса, баласы келип бермек беле.

Ошол эле учурда баласы кылмыштуу топтун мүчөсүнө карыздарын берип жатыптыр. А өз эмгеги менен таза иштеп жаткан бизнесмен, ишкерлерге болгон карызын берейин деген оюу жок экен. Кылмыштуу топторго деле жөн жерден акча төлөбөйт эмеспи. Самат мырза баласы экөө мүйүздүү болобуз деп, бирок, иштери таптакыр тескери чыгып калса керек. Балким, өздөрү кылмыштуу топ менен тыгыз иштешип, ишкерлерид сызга отургузуп, ан үчүн өз үлүштөрүн алып турушат? Айтор, арабөк ойлор көп.

Самат Ибраевдер адамдар азыр арабызда көп. Алардан тазаланмайынча, ажонун коррупция менен күрөшү алдыга жылышы кыйын болуп турат.