Россияда 9 жаштагы бала Тик Ток тартам деп денесинин 8% өрттөп алды. Бул тууралуу оруссиялык маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, бала үйдө апасы экөө болгон. Ал бакчада ойноп жүрүп, атасы калтырып кеткен бөтөлкөдө бензинди көрүп, аны тамчылатып агызып от коймок болот.

 Бала күйүүчү майды жерге төгүп , аны өрттөп жиберген. Бирок, баланын бут астына күйүүчү май агып, анын шымы менен бут кийимин күйгүзгөн. Ал сууга толгон ваннага секирип өрттү өз алдынча өчүргөн соң, жардам сурап үйгө кирген.

Кийинчерээк бала буттарынын сегиз пайызына чейин күйүк менен ооруканага жаткырылып, тамчылаган бензинге от коюлган видеону башка адам жасап жатканын,  ТикТоктон көргөнүн айткан.