2020-жылдын 9-август күнү Алай РИИБнин милициянын криминалдык кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын ага лейтенанты Сыдыков Азамат Айтмаметович 31 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал 1989-жылы 12-июлда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. 1995-жылы Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектептин босогосун аттап 2006-жылы 11- классты аяктаган. 2006-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетине окууга кирген. 2010-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистигин бүтүргөн. Ички иштер орагандарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кызматын Ош ОИИБдин Кайгуул күзөт кызмат батальонунун милиционерлигинен баштаган. Андан соӊ. Ноокат, Кара-Суу РИИБдеринде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген. 1 уул 1 кыздын атасы.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.