Панфилов районундагы Курама айылында заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта айтылгандай, буга чейин облустук паспорттоштуруу жана калкты каттоо департаменти жана каттоо бөлүмү, нотариус ЗАГС бөлүмдөрү сыяктуу имараттарда болушкан, келгендерге да, кызматкерлерге да эч кандай шарттар болгон эмес.

Панфилов районунун көптөгөн тургундары Шопоков же Бишкек шаарларындагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылышкан.

300 чарчы метр аянтты камтыган жаңы калкты тейлөө борбору, унаа токтотуучу жай, кондиционер жана видеобайкоо тутуму орнотулуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шарттар түзүлдү.

Панфилов районунун жашоочулары каттоо кызматынын 36 түрү менен камсыз болушат.


Борбор электрондук кезек тутумун ишке киргизди. Мекеме кошумчалагандай, 2020-жылы Нарын облусунун Кочкор жана Жалал-Абад облусунун Сузак айылдарында жаңы тейлөө борборлорун ачуу пландаштырылууда.