Ош шаарында медициналык жана кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери коюлду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаардын «Тазалык» ишканасы пневмония жана коронавирус менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан, саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурларды
каздырып даярдады. Коронавирус менен ооруп, үй шартында дарыланып жаткан тургундардын үйлөрүнөн чыгарылган медициналык жана кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери коюлду.

Алардын даректери:

1. Кулатов көчөсүндө №14 үйдүн жанында;

2. Айтиев көчөсүндө №13 үйдүн жанында;

3. «Семетей» кино театрынын жанында (ХБК);

4.Карл Маркс атындагы мектептин жанында.