Хаусава штатынын Жогорку шариат соту үстүбүздөгү жылдын март айында Мухаммед пайгамбарды шылдыңдоо ырын WhatsApp аркылуу таратып жибергени үчүн 22 жаштагы Яхая Шариф-Аминге дал ушундай өкүм чыгарды.

Судья Хади Алия Кани музыкант сот өкүмүнө каршы доо-арыз жазууга укуктуу. Белгилей кетчү нерсе, калкынын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн Нигериянын түндүк штатында светтик мыйзамдар менен катар эле шариат мыйзамдары дагы орун алган.

Бирок, шариат мыйзамдары жаңыргандан бери, тагыраак айтканда 1999-жылдан тартып ушул күнгө чейин Нигериянын шариат соту тарабынан чыгарылган мындай өкүмдөрдүн бири гана жүзөгө ашырылган.