Кээде ата-эненин бир эле иши, үй-бүлө жашоосунун туруктуулугуна көп жылдар бою таасирин тийгизет.
Бир күнү он жети жашар бала атасына таарынып, энесине келип атасы тууралуу жаман сөздөрдү айтып калат.
Энеси ыймандуу жана акылман аял экен, баласына мындай деп айтат:
— Ооба. Бизге ошондой ата керек. Баргын да базардан башка ата сатып кел.
Бала тан калып, энесинен сурайт:
— Апа, аталар да базарда сатылмак беле?. Анда акылман Эне айтат:
— А эгер сен аталарды базарда сатууга же сатып алууга болбой турганын билсең, анда эмне үчүн атан жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жатасың? Аталар бир, аларды тандоо укугуна ээ эмессиң. Аларды урматтоо жана сыйлоо гана керек.

Булак: insan.kg