КРнын Эл артисти Элмирбек Иманалиев менен Гүлбүбү Орозкул кызынын кичүү кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты. Бул ууралуу анын жакын туугандары кабарлады.

Маалыматка караганда, эки жаштын үйлөнүү-үлпөт тоюу Бишкек шаарынын ресторандарынын биринде өткөрүлгөн.

Жолдошунун аты Бектур Ош облусунун Өзгөн районунун кулуну, Сезимдин тайпалашы экени айтылууда. Эки жаштын өкүл атасы болуп КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев болду.

КРнын Эл артисти Элмирбек Иманалив ушул жылдын 20-апрелинде кант диабети оорусунан көз жумган. Ал эми анын жубайы, «Сармерден» телешоусунун алып баруучусу, белгилүү ырчы Гүлбүбү Орозкул кызы 2017-жылы көз жумган. Жубайлардын артында Айзуура жана Сезим аттуу кыздары калды.

Булак: Турмуш басылмасы