The New York Times гезитинин маалыматына ылайык Закари Латэм аттуу АКШнын 18 жаштагы тургуну TikTok тиркемесиндеги популярдуулугу үчүн Уильям Дарэм аттуу 51 жаштагы коңшусун өлтүрүп салган. Окуя Нью-Жерси штатында болуп өткөн.

Басылманын билдирүүсү боюнча коңшулар эки жылдан бери чатакташып келишкен жана ага Латэмдин машине айдоо учурундагы «жиндидей» манерасы себеп болгон. Башкача айтканда, машине айдоосу боюнча Дарэм тарабынан айтылган сын кыжырына тийе бергендиктен Закари бир нече жолу Дарэм менен чатакташкан жана аны менен болгон ызы-чууларын видеого жаздырып алып, TikTok тиркемесине жайгаштырып турган.

Социалдык тармактагы бул видеолор көрүүчүлөрдүн саны кескин көбөйүп, акыркы жолу алардын саны 3 миллионго жеткен жана көрүүчүлөрдүн дээрлик бардыгы Дарэмге жан тартышкан. Экөөнүн ортосундагы кезектеги тирешүү 4-майда, Закари Дарэмдин 17 жаштагы уулун машине менен тебелетип кете жаздагандан кийин болуп өткөн. Бул жолу Закари Дарэмге бычак сайып өлтүргөн.