Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун III турунда (3-5-август) «Абитуриент Онлайн» (https://2020.edu.gov.kg/) системасына 7701 талон келип түштү. Анын 2678и бюджеттик орундарга, 5023 талон келишимдик негизде билим алууга. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

III турдун жыйынтыгы менен 3952 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 766сы бюджеттик негизде, 3186сы келишимдик негизде билим алышат.III турдун жыйынтыгы менен системага жалпы 53012 талон катталып, ЖОЖдо окуй тургандыгын 21795 абитуриент тастыктаган: 4266 гранттык негизинде, 17529 – контракттык негизинде билим алат.

Жогорудагы келтирилген статистикалык маалыматка ылайык жана ЖОЖдор тарабынан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде министрлик жогорку окуу жайлардагы калган бош орундарга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.Бош орундарга каттоо бүгүн, 11-августунан башталды. Кабыл алуунун эрежелери мурунку турдардай эле.

Гранттык бош орундарга:Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан тартып, 13-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 14-августтан 17-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу нитеин тастыктоосу зарыл.

Контракттык негизинде окуунун бош орундарга:Бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан 18-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 19-августтан 21-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу нитеин тастыктоосу зарыл.