Райнсберг шаарынын бургомистри Франк Швохов региондогу интеграциялык саясат ойрондогонун моюнга алды. Бургомистрдин мындай билдирүүсүнө чечен улутундагы жигиттер бир тарап, немис жана поляк улутундагы жигиттердин бир тарап болуп мушташуусу түрткү болгон.

Tagesspiegel басылмасынын билдирүүсү боюнча конфликт чечендердин кайсы бир немисти токмоктоп койгонунан улам башталган. Массалык мушташтын натыйжасында жети адам жаракат алып, бир нече машине жарактан чыккан. Кийинки күнү Райнсбергге «териштирүүлөр» үчүн келишкен жүзгө чукул чечен жигиттерине Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар кошулган.

Бул акциянын жүрүшүндө бир полицейский жаракат алып эки сириялык жигит камакка алынган. Окуянын андан ары от алуусуна Берлинден жете келген чечен карыялар диаспорасы бөгөт койгон. Немис бийлигинин билдирүүсү боюнча окуяга катышкан чечен диаспорасынын 51 өкүлү өлкөдөн биротоло чыгарылат.