112 ыкчам байланышы боюнча үч айдын ичинде 600дөн ашык кыргызстандык бекер юридикалык консультацияларды алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

112 ыкчам байланышынан 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин Кыргызстандын 614 тургуну бекер юридикалык консультацтияларды алышкан. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 417 адам, аймактар боюнча – 197 адам. Кайрылгандардын ичинен эркектер – 232, аялдар – 382. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 19 жаран консультация алган.

Эӊ көп суроо менен жарандар кайрылган маселелер:

жарандык укуктук мамилелер боюнча — 66;
-эмгек укуктарын коргоо боюнча — 69;
— үй-бүлөлүк укуктук мамилелер боюнча — 94;
— жазык укуктары боюнча — 48;
— үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалы боюнча — 22;
— социалдык коргоо маселелери бьоюнча — 21;
-документтештирүү маселеси боюнча — 32,
— ӨК жана ӨА учурунда пайда болгон дагы башка маселелер боюнча — 231.

Ошондой эле, кайрылган айрым жарандарга андан ары да юридикалык жардамдар керек болгондугу, андыктан 115 адам башка жактарга жиберилгендиги, алардын ичинен мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга 56 адам муктаж болгондугу белгиленет. Алар Мамлекет тарабынан кепилденген Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго жиберилген.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин «Ыкчам байланыш» иштеп тургандыгын, анын негизинде «Жаӊы чечимдер» АКсынын юристтери БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен ӨКМдин Бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматы 112 аркылуу консультацияларды көрсөтүп тургандыгын белгилеп кетебиз. Колдоо өлкөдө COVID -19 таажы вирусунун инфекциясынын эпидемиясына байланыштуу киргизилген КРдагы ӨК жана ӨА (карантин) режими иштеп турган учурларда көрсөтүлгөн.