Бир убакта кыргыз шоу дүйнөсүндө кнопка менен жүргөн унаа социалдык тармактарга желдей тарап, кызуу талкууга жем таштаган эле. Буга режиссер, актриса Ырыс Жоомартова «Toyota Land Cruiser VX V8» үлгүсүндөгү унаасын коомчулукка жарыялап, бул унаага Бишкектен 3 бөлмөлүү батир алууга болоорун, машинаны кнопканы бир басканда эле жүрө турганы себеп болгон.

Көп өтпөй «кнопка менен жүргөн унаа» деп элдин шакабасына айланган жайы бар. Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы өзгөчөлөнгөн унаасын элге тааныштырды.

Анын айтымында, унаа колдун жаңсоосу менен башкарылат. Ушундай унаа көрдүңөр беле?,-деп ырчы коомчулукка суроо калтырды.

https://www.instagram.com/p/CDtijouhe0U/?utm_source=ig_web_copy_link