Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналында 5 жаштагы баланын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө жайганшкан Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 2015-жылы төрөлгөн жаш бала чөгүп кеткен. 10-август күнү куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери уланууда.

Ошондой эле, Нарын облусунун Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына 2013-жылы төрөлгөн бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери улантылары айтылат.