2020-жылдын 11-августуна карата, сууда ар кандай себептер менен  57 адам өлүмү катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каза болгондордун ичинен: 29 эркек, 5 аял, 14 бала жана 9 өспүрүм. Ушул эле мезгилде 2019-жылдын 10-августунда республика боюнча сууда 122 кырсыгы катталган, салыштырмалуу 2020-жылы суудагы кырсык эки эсе аз катталды.

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

-сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
-тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
-сууга мас абалында түшпөңүз;
-суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
-кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
-күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
-көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.