2020-2021-жаңы окуу жылында Кыргызстанда окуучулар эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болсо мектепке барып билим алышат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Анын айтымында, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1-11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы мүмкүн.

Салттуу — дистанттык аралаш түрдѳ

Окутуу 1-,5-,9- жана 11- класстарда гана салттуу түрдѳ ѳткѳрүлсѳ, анда:
класстардагы окуучулардын санына жараша топторго бѳлүнүп, ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окушат.

Мисалы:
1-топ — дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү,
2-топ — шейшемби, бейшемби күндѳрү.

Окуучулар мектепке келген күндѳрү мугалимдер окуу программасы боюнча жаңы материалды түшүндүрүп, окуучулардын кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ багытталган тапщырмаларды беришет.

Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгышат жана сабакка даярданышат.

Социалдык аралыкты сактоону камсыздоо максатында ар бир класс үчүн сабактардын жана танапистердин жүгүртмөлөрү ѳзүнчѳ түзүлѳт.
1-, 5-класстар 1-сменде, 9-, 11-класстар 2-сменде.

Ал эми эпидемиялык кырдаал туруктуу болгонго чейин башка 2-, 3-, 4-, 6-, 7-, 10-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ жүргүзүлмѳкчү, ошол эле учурда, окуучулардын саны анча кѳп эмес мектептерде 2-класстардын да салттуу режимде окуусу изилденүүдѳ.

Айрым предметтер социалдык аралыкты жана башка санитардык талаптарды сактоо менен таза абада ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

Дистанттык түрдѳ

Эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда (“кызыл зона”) санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларынын негизинде 1-11-класстарда окутуу дистанттык формада ѳткѳрүлѳт.

Мында мугалимдер телеканалдарда көрсөтүлгөн видеоматериалдар пайдаланылат жана мугалимдер онлайн сабактарды өткөрүшөт жана окуучулар менен пикир байланышты уюштурушат.