Дүйнө жүзүндөгү эң чоң «акыр-чикир аралы» ээлеген территориясынын көлөмү жагынан Франция менен тең келет. Бул тууралуу Жак-Ива-Кустонун небереси, изилдөөчү жана океан коргоочу Филипп Кусто менен аялы Ашлан Брок билдирген.

«Океандын ортосунда беш чоң «таштанды аралы» жайгашкан. Алар табигый түрдө, башкача айтканда океандагы агымдын өзгөчөлүгүнө жараша пайда болушкан… Ал жакка дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан пластик агып келет. Эң чоң «таштанды аралы» Тынч океанда жайгашкан. Анын көлөмү АКШнын Техас штатына, ал эми аянты Францияга тең келет», — дейт Брок.

Ал эми Кустонун айтуусу боюнча аталган таштанды аралдары негизинен дарыялар аркылуу агып келишкен пластиктен турушат. Филипп Кусто тарабынан негизделген жаратылышты коргоо боюнча EarthEcho International фонду жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жаштарды дарыяларды пластиктен тазалоо иштерине тартып келет.