Өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев Парламенттик шайлоого «Республика» партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда расмий түрдө жарыялады.

«Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу — бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле, өлкөбүздүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет»,-деп айтылат партиянын тараткан маалыматта.