Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Бишкектин түштүк тарабындагы сейил багына барганда коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент медициналык кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет белгилеп, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаган адамдар жок экенин кошумчалады.

«Алардын иши көзгө көрүнбөйт. Бирок эң баалуу нерсе — өмүр үчүн күрөштө биз баарыбыз Кудайдан тилеп, дарыгерлерден жардам күтөбүз. Бул оор күндөрү аларга кошумча күч келип, адам өмүрү үчүн жоопкерчиликтери артты. Дагы бир жолу биздин дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ар бир мезгилдин өз баатырлары болорун белгиледи. Бүгүнкү күндүн баатырлары — биздин дарыгерлер.

«Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим этем жана терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Өлкөнүн борбор калаасын жашылдандыруу маселесине токтолгон Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин мамлекеттик менчикке кайтаруу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жаңы парк зоналарын куруу жана жарандардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери Бишкекте гана эмес, бүт өлкө боюнча улантыларын баса белгиледи.

Бир нече спорт аянтчалары жайгашкан сейил багын кыдыруу учурунда Президент баскетбол, волейбол жана воркаут машыгууларына күбө болду. «Street Workout» федерациясынын өкүлдөрү жакынкы апталарда, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, санариптик технологияларды колдонуу менен көрүүчүлөрсүз спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландап жатышканын маалымдашты. Алар Президентке бул иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Сооронбай Жээнбеков алардын идеясын колдоп, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан бул иш-чараны уюштурууга сөзсүз көмөк көрсөтүп, зарыл болгон жардамдар берилерин белгиледи.Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акыркы бир жылда борбордо жалпы аянты 28 гектардан ашуун 3 ири жаңы сейил багы курулуп, жалпы аянты 30 гектардан ашуун дагы төрт сейил бактын курулушу улантылууда.