1-октябрга чейин дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү үчүн Матрезерв фондуна республикалык бюджеттен каралууда. Учурда 15 000 бейтапка бир нече позициядан турган дарылардын муктаждыгын камсыздоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, ЖКК, дезинфекция каражаттары, антисептиктер ж.б. 3 айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда.

-сезондуу гриппке каршы алдын алуучу вакциналарды сатып алуу иштерине республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүнүп берилди.

— медицина кызматкерлерин реабилитациялоо – колдоо иштери уюштурулуп жатат.

-Президенттин тапшырмасы менен Көлдө пансионатта 130 медик эс алып келди, учурда 170 медик эс алып жатат.

— медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү өз убагында төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин – 807 млн сом жумшалды, Анын ичинен, июлда айлык маянага кошумча төлөм катары – 424 млн сом республикалык бюджеттен берилди.

— медициналык адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.