Россиянын Президенти Владимир Путин бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда дүйнөдө биринчи жолу коронавируска каршы вакцина катталгандыгын жарыялады.

Ал каттоо бүгүн эртең менен болгонун тактады.

«Менин билишимче, бүгүн эртең менен дүйнөдө биринчи жолу жаңы коронавирустук инфекцияга каршы вакцина катталды»,- деди Путин.

Президент Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашкодан бул тууралуу кеңири маалымат берүүнү өтүндү.


«Мен анын канчалык деңгээлде натыйжалуу иштээрин билсем дагы, ал туруктуу иммунитетти түзөт жана кайталап айтам, бардык зарыл текшерүүлөрдөн өттү», — деп кошумчалады Путин


Препарат Н.Ф. Гамалея атындагы Улуттук Эпидемиология жана Микробиология Илимий Борбору тарабынан иштелип чыккан. Клиникалык сыноолордун аякташы август айынын башында жарыяланган. Жакын арада вакцина медициналык мекемелерге жеткирилиши керек.