Кыргызстандагы эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезитинин жетекчилери Шаиста Шатманова, сайттын директору Бактыгул Сокушева, вице президент Айсулуу Алимбекова, гезиттин башкы редактору Эльвира Караева кызматтан кетишти. Бул тууралуу алар соцтармактагы баракчаларга жарыялашты.

Мындай кадамга гезиттин ээлери менен саясый позициялара туура келбей калганы менен түшүндүрдү. Ал эми эмгек жамааттын калган бөлүгү ишмердүүлүгүн улантып жатышат.

«Коомчулук үчүн бизде болгон бир жаңылыкты жарыялап коюуну туура көрдүм. Саясый позициябыз туура келбей калгандыгына байланыштуу “Супер-Инфодон” бир нечебизге (жетекчилер) кетүүгө туура келди. “Супер-Инфо” гезитинде акыркы 13 жылдан бери такай иштеп келиптирмин. Бул аралыкта команда менен биргеликте далай кызыктуу иштерден, сыноолордон да өттүк. Бул мезгил аралыгы мен үчүн эң баалуу мектеп да, жашоо да болуп калат. Баарыңар менен ушул жак аркылуу байланыштабыз»,-деди Шатманова.

Айрым маалыматтарга караганда, “Супер-Инфо” гезитин белдүү саясатчылардын бири сатып алганын айтылууда. Буга чейин аталган редакция «Эльдорада» соода борборуна жайгашып, ишин улантканы коомчулука белгилүү.