Аялзаты табиятынан сулуулукту, кооздукту жактырат. Ал эми эркектер кандай айымдарды өзүнө тартат жана кызыктарат бул маселе кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Мындан улам айымдарга канткенде өзүнө кам көрүп, сүйүктүү жолдошун бактылуу болот. Жообун бирге таап көрөлү.

1. Өзүңүзгө кам көрүңүз

Эркектердин көпчүлүгү бул пунктту тизменин башына коюшат. Эркектерге алардын аялынын, сүйлөшкөн кызынын кандай көрүнгөнү баары бир эмес. Көпчүлүк аялдардын кетирген катасы – ­сырткы келбетин, чач жасалгасын, салмагын көзөмөлдөбөй койгону. А эркектер өздөрүнүн жанында майрам күндөрү гана эмес, күн сайын сулуу аялдын болушун каалашат. Аял биринчи өзүнө-өзү, анан күйөөсүнө жагыш керек.

2. Күйөөңүздүн көзүнчө боёнбоңуз

Эркектер жанындагы аялынын дайыма сулуу болуп жүрүшүн каалаганы менен бул сулуулукка алар кантип ээ болду, аны билгилери келишпейт. Алар аялдардын табигый сулуулугуна ишенишет жана макияжын байкамаксан болуп коюшат. Эркектер аялынын өзүнүн көзүнчө бетине маска жасап, чачына бигуди койгонун каалашпайт. Күйөөңүздүн көз алдында жасанганыңызды токтотсоңуз, ал үчүн дайыма жагымдуу бойдон каласыз.

3. Орой болбоңуз жана даттанбаңыз

Эркектер аялдын назик, сезимтал, жароокер болгонун жактырышат. Бир дагы эркек орой, болор-болбос нерсе үчүн чыр чыгарган, сөгүнгөн аялды жакшы көрбөйт. Оройлук сыяктуу эле эркектер аялдардын кейип-кепчип, бир нерселерге нааразылана бергенин да жактырышпайт. Андыктан, күйөөңүзгө курбуңуз, жетекчиңиз, ден соолугуңуз тууралуу азыраак даттанууга аракет кылыңыз.

4. Акылдуу болуңуз

Идеалдуу аял акылдуу болууга тийиш, бирок анысын жашыра билүү керек. Күйөөңүздү өзүңүздүн акылдуулугуңуз менен басынтпаңыз жана аңкоолугуңуз менен кыжырдантпаңыз.

5. Жаман адаттардан баш тартыңыз

Тамеки чекпеңиз, ичимдик ичпеңиз, мас аялдан өткөн жаман нерсе жок. Бул зыяндуу адаттар, албетте, сизди идеалдуу кылбайт. Анан да эч бир эркек өзүнүн аялынын, келечектеги балдарынын энесинин зыяндуу адаттарга ээ болушун каалабайт.

6. Жарашыктуу кийиниңиз

Көпчүлүк эркектердин көңүлүн өзүңүзгө буруу аракетинде ашыкча ачык жана сексуалдуу кийингенден качыңыз. Бул сизге түбөлүктүү, жакшы эркекти табууга жардам бербейт. Эркек табышмактуулукту жактырат, баары ачык көрүнүп турганда анын сизге болгон кызыгуусу төмөндөйт.