Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев тарабынан Баткен ОИИБнын кызматкерлери 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен эн кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң жогорку көрсөткүчкөргө жетишкендиги, COVID-19 илдети менен күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругу менен Баткен ОИИБнын 70тен ашуун кызматкерлерине ИИМнин ведомстволук медалдары жана кезектеги атайын наамындары наамдары менен сыйланды.

Ошондой эле,өлкөдөгү пандемия учурунда, коронавирус илдети менен күрөшүүгө өз салымын кошуу үчүн Баткен ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Мамасейитов демөөрчүлөрдүн жардамы менен Баткен ОИИБдин медицина кызматында атайын кызматкерлер үчүн ачылган күндүзгүстационар кабинеттерин кароодон өткөрүп ошол кабинеттерге 3 даана жана Баткен облустук биргелешкен ооруканасына Баткен элине жардам көрсөтүү иретинде 2 даана кычкылтек концентратторун жардам катары тапшырды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы