10-августтан тарта Бишкек шаарында ачык жерде санитардык эрежелерди сактоо менен спорт менен машыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сөз футбол, гандбол, баскетбол, теннис, бейсбол, бадминтон жана гольф тууралуу болуп жатат.

Калган чектөөлөр күчүндө калтырылды. Көчөдө сатуу жана кызмат көрсөтүү объекттеринин (батуттар, велосипеддерди ижарага берүү түйүндөрү), тойкана жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгүнө (түнкү клубдар, бар ж.б.), балдардын оюн-зоок аянтчалары жана көңүл ачуу жайларынын ишине азырынча тыюу салынган.

Бул чектөөлөр Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө болот.