Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жумушчу сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги  менен таанышат. 

Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.