Белоруссиянын президенттигине талапкерлердин бири Валерий Цепкалонун аялы Вероника видеокайрылуу жасап, анда дүйнөлүк коомчулукту Лукашенкодон баш тартууга, ошол эле учурда Светлана Тихановскаяны жападан жалгыз легитимдүү шайланган президент катары таанууга чакырган.

Вероника Цепкало азыр Россияда жүрөт. Күйөөсүнүн айтуусу боюнча ал өз коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Белгилей кетсек, 9-август күнү Белоруссияда Президенттик шайлоо болуп өтүп, БШКнын билдирүүсү боюнча Александр Лукашенко 80,08% добушка ээ болгон.

Мындай билдирүүдөн кийин өлкөнүн бир катар шаарларында нааразылык акциялары башталып, анда орун алган башаламандыктар бүгүнкүгө чейин уланууда. Белоруссия ИИМ маалыматына ылайык акциянын жүрүшүндө болжол менен үч миңдей адам кармалып, жүздөй адам ар кандай жаракат алган.