CNBC басылмасынын билдирүүсү боюнча финансы дүйнөсү эркин каражаттарды салуу жана экономикалык кызматташтык үчүн кайсы бир өлкөнү тандап алуу муктаждыгына кептелди. Бул багытта эки вариант бар: Анын бири дүйнөдөгү эң ири экономикага ээ – Америка жана албетте «Чыгыш ажыдаары» аталып келаткан Улуу Кытай.

Аты аталган басылма кытай акцияларынын жана облигацияларынын рыногун дүйнө жүзүндөгү эң эле жагымдуу деп атайт. Себеби, Кытай каржы системасы болжол менен 40,7 триллион доллар активге ээ. Ошондой эле Кытай Өкмөтүнүн «Улуттук экономиканын ачык-айкындуулугун жогорулатууга» багытталган саясаты дагы бул өлкөгө инвестиция салууга кошумча стимул болууда.

Бирок, Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы саясий-экономикалык тирешүүлөр бийликтин бул күч-аракеттерин жокко чыгарып салуусу толук ыктымал. Белгилей кетсек, АКШ бийлиги смартфондорду өндүрүүчү Huawei, ошондой эле WeChat мессенжерине жана TikTok мобилдик тиркемесинин ишине чектөөлөрдү киргизген.

Мындай санкциялар кытай финансы секторуна тоскоолдук кылбайт жана конкреттүү кайсы бир аткаминерлерге багытталганы менен, Азия өлкөсүндөгү иштиктүү климатка тескери таасирин тийгизбей койбойт. Кыскартып айтканда, Кытайды тандоо боюнча чечим кабыл алышкан бизнесмендер, албетте өмүрлөрү өткүчө, а балким укум-тукумуна чейин АКШда бизнес жасоо укугунан ажыраары айтпаса да белгилүү.