12-августка карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 3
• Баткен облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Ысык-Көл облусунда – 2

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2981 учур катталды, алардын ичинен 2242 медкызматкер айыгып чыкты.