Бишкек шаарында транспортту электрлештирүү долбоору боюнча КРнын Каржы министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкы ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августа мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Баштапкы документке транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов, Азия өнүктүрүү банкынын миссия тобунун жетекчиси, энергетика боюнча адис Йоханнес Фогель жана КРнын Каржы министрлинин өкүлү кол койду.

«Долбоор төрт этаптан турат. Абага зыян заттарды чыгарбаган автобус паркын модернизациялоо. Бул этапта заманбап энергияны үнөмдөөчү аккумулятордук электробустар, кубаттоочу инфраструктураны (подстанция, электромонтаждык жана курулуш иштери), автобустарды тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу каралган. Электробустар универсалдуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана карылар үчүн ыңгайлуу болот»,-дешет мэриядан.

Автобус депосунун инфраструктурасын модернизациялоо. Бул компонент өзүнө жаңы электробустар үчүн бардык аба-ырайында унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт, жок дегенде шаардык троллейбус башкармалыгынын деполорунун биринде;

Электробустар үчүн сынамык «жашыл» коридорду түзүү. Жолдордо атайын коридорлорду уюштуруу, башка каналдар боюнча жол кыймылын бөлуштүрүү, токтотуу пунктарын модернизациялоо жана башка. Бишкектеги автобустардын иштөө туруктуулугун жогорулатуу.

Долбоор 58,9 миллион АКШ долларына бааланат, анын ичинен Азия өнүктүрүү банкы Меморандумга ылайык 50 миллион АКШ доллары насыя линиясы менен, 15 миллион доллардай бөлүгү гранттык негизде берилет. Негизги чыгымдар электробустарды сатып алууга (көпчүлүк бөлүгү), курулуш иштерине жана консультациялык кызматтарга сарпталат. Долбоордун алкагында АӨБ жалдаган консультанттар электробустарды сатып алууга конкурстук өтүнмөлөр үчүн техникалык тапшырма даярдайт.

Белгилей кетсек, бул транспорт тармагын узак мөөнөткө электрлештирүү жолундагы биринчи кадам.