Москвада көчөдө уктап калган мас абалындагы кыргыз кыз коомчулуктун талкуусуна алынды. Хамза Жеңиш аттуу Фейсбук колдонуучу күнөө бир эле кыздарда эмес экенин айтып мекендештерине кайрылуу жасап, мындай көрүнүштөр Москвада көп кездешип жаткандыктан аргасыздан киргизип жатканын айткан.  

“Ушуга чейин канчалаган шерменде көрүнүштөргө көз жумдук. Москвада метро Текстильщикиде ночной клуб ачылгандар бери жумушка ошол жерден өткөндүктөн выходной күндөрү эркек мындай турсун мас Кыргыз кыз корбогон выходной боло элек. Акыры сабр түгөнүп бүгүн ушул көрүнүштү киргизүүгө туура келди. Ночьной клубдан чыккан кыргыз балдар кыздарды мас акыбалында жолдун жээгине таштап кетишиптир.

Мындай көрүнүштө табалап турган таксист коңшу тажик өзбек туугандар бекер жеткизип коёлу деп шыйпандап видео тартып да жатышты. Алар өз жердештерине жөнөтөт да кыргыз кыздары деп. Ушундай жаман көрүнүштөрдөн улам көп улуттар бизди тениңе албайт. Кыскасы телефонун алып туугандарын чакырып келгинче күтүп тууганына тапшырып анан кеттик. Таштап кеткен эркек сорөмөй балдарга кайрылам силер лохсунар башка улут кыздарына жолоштон коркосунар. Ага инилери жок өүзбүздүн кыздарды бузганы жетет күчүңөр качанкыга чейин өзүбүздүн кыздарды кордойбуз эртең силердинда Апаңарды, эже карындаштарынарды кызынарды пайдаланып башкаларга жем кылып жолго таштап кеткенде билесиңерби. Кыздарда күнөө жок күнөө бизде эркектерде. Ошондой эркек сорөмөй биздин кыздарды бузгандарды жазалаш керек.

Мындай көрүнүштөр миңдеп болуп жатканы өкүнүчтүү. «Өздөн чыккан өрт жаман» кээ бир балдар өз улутубуздун бедел баркына доо кетирип жатышат. Ночьной клуб кармаган аты Кыргыз аттуулар Кудайдан корккула силер биздин жаштар бузулушуна шарт түзүп жатасыңар жашоо бумеранг эртең силердин аялынар, кызынар көчөдө кор болот. Балким ошол себептүү жерибизге береке тынчтык жок. Сүйлөсү баары эле саясатчы, Аалымга акыл үйрөтүп алышат, качан өзүбүздөн баштайбыз.

Албетте мекенчил патриот жигиттерибиз дагы жок эмес Кудайга шүгүр. Улуттун келечегин ойлогон жигиттер Ынтымакта кыздарыбызды коргойлу динибизге бекем бололу. Калган ушундай көрүнүштү норма деп билген евро толеранттуу киргиздер мага акыл үйрөтүп өчүрүп сал, жарыя кылган уят деп, чача-мача деп акылдуу болуп жазбагыла алергия!!!! Силерге окшогондор жымсалдап жаап жашырып отуруп ушул акыбалга келдик!” – деп жазат Фейсбук колдонуучу.