Учурдагы коронавирус илдети менен күрөшкөндөрдүн баш сабында туруп, баатыр аталган медицина кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз өтө зор экенине баарыбыз күбө болуудабыз.

Мындай мезгилде ак халатчандардын аракетин сырттан карап турбастан, Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын айрым кызматкерлеринин демилгеси менен Жалал-Абад шаарында жападан жалгыз иштеп жаткан түнкү стационарда кызмат өтөгөн мээрбан эжелердин абалынан кабар алышып, бир күндүк ысык тамак уюштурулду.

Милиция тарабынан алардын азыркы учурдагы күн-түн дебей элдин саламаттыгы үчүн жасап жаткан кызматы коом тарабынан бааланып жатканы белгиленди. Ал эми, бул иш-чарага ыраазы болуп, жүздөрүнө жылмаю толгон ак халатчан айымдар – бир аз болсо да аларга көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келген тартип сакчыларына ыраазычылыктарын билдиришип, ден соолук каалашты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Нет описания.