Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын жыйынтыктаганга чейин саясатка аттанбай турганын билдирди. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

Спортчунун азыркы убакта саясат менен иш жок экенин, убактысынын көпчүлүк бөлүгүн 2021-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына кызуу даярдык менен өткөрүп жатканын белгилеген.

“Урматтуу күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм. Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм. Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма кыргызстандыктар жана күйөрмандарым. Баарыңыздарга ден соолук каалайм”, — деп жазган Тыныбекова.