Түшүмдөн чочуп ойгондум. Түнкү саат 3 болуп калган экен. Түшүнүксүз эле бир кайдагы капкара цыгандар моюнмудагы кыпкызыл маржан шурумду үзүп алып, талашып жатышыптыр. Тердеп, демим кыстыгып, энтигип калыптырмын. Жолдошум уктап жатат коңурукту кош тартып. Дароо оюма шаарда иштеп жүргөн кызым келди. Аман болсо экен деп келме келтирип кайра жаттым.

Эненин жүрөгү баарын сезет эмеспи, таң атканча уктай албадым. Саат 8 ден өтүп калганда кызыма чалдым. Үнүн угуп, иштеп жатканын, баары жакшы экенин билип санаам тынчый түштү. Баары бир, бир жерге отура албай, улам жанагы цыгандар түшүмө кирип туруп алды. Акыры жолдошума айтып шаарга кызымдан кабар алганы жөнөп калдым. Батирине келсем эрте менен жумушка кеткен экен, кийимдери чечилген бойдон калыптыр. Ал келгенче ала келген жаш козунун этинен шорпо салып,үйүн жыйнап кирдим. Кеч кирип шарактап чогуу жашаган кыздары менен кирип келип эле таң калып калышты. Күтпөсө керек. Кучактап апалап өөп жатып калды апакелеп. Кичине өңүнөн кете түшүптүр. Отуруп ал жай сурашып, түн бир оокумда уктадык. Бирок негедир кызым бир нерсе жашыргандай сезилип жатты. Эртеси кызым жумушуна кетти, мен Дордойдон жолдошум дайындаган керектүү нерселерди алып кайра жолго чыктым.

Арадан бир топ күн өтүп кызым телефон чалып апа келип кетчи деп калды. Кыш  жаңы кирип, бирин серин кар бубактап жаткан. Шаарга жеткенче ар кандай ойлор келип, араң жеттим. Кызым бөлмөсүндө оронуп жаткан экен. Мени көрүп ыйлап эле жатып калды. Карасам томпоюп курсагы чыгып калыптыр.

-Шерменде деп жаактан ары бир чаптым. Кайра боорум ооруп, өзүмө келип анан акырын сурадым.

-Эмне болду  балам, кандай кара теке сени сүзүп курсакты томпойтуп жүрөсүң. Сен андай эмес элең го дедим.

Көз жашын тыя албай:

  • Апа мени кечир, алданып калдым. Ал мени алам деген. Бул жылы окуусун бүтмөк. Күзүндө үйлөнмөкпүз. Сүлөшүп жүрүп, ага көнүп калып, өзүмдү арнап салдым. Апасына айтса, боюнда бар албайбыз, ал сенин балаң эмес, сени менен жатса , башка менен деле жатты да деп болбой жатыптыр-деди.
  • Каап балам, кандай кылсак, атаң билсе, экөөбүздү кошуп соет, анын мүнөзүң билесиң –дедим.

Кой алдыралы, канча болду десем 5 ай болду дейт.

Кеч эми, абдан кеч. Кыскасы мындай, төрөйсүң, төрөгөнчө үйдөн чыкпайсың, айылга да барбайсың дедим.  Байкуш кызым ага да макул болду. Бир чети өзүмдү күнөөлөдүм, алдыма эле алып жүрбөй деп. Ошентип жаңы конуштарга батирге чыкты. Ал жигитке батирдин акчасын төлөйсүң деп айтык. Атасы билип, каарданган менен ал да унчукпай калды. Кызым топмойгон,бойтойгон уулдуу болду. Колума алып эркелеткен менен, никесиз төрөлгөнүнө кыжалат болом. Айылда эч кимге шек алдырбай күн өтүп жатты. Бир күнү чоң кайнагам каза болуп, айылга баары келди. Чоң атаң каза болду деп кызымды да алдырдык. Алты айлык баласын шаарда сиңдим карап калды. Намыс деген намыс да. Айла жок эки күн турду. Байкатпай сүтүн саап келет. Экинчи күнү сиңдим чалды тез кел балан ыйлап болбой жатат деп.

Тиги жигити акча берип турган жакшы эле. Акыркы 4 айдан бери акча бербей, батирден кожоюну  кууп чыгыптыр. Айла жок сиңдимдин үйүнө барды. Ал жакта да күйө бала бар да. Жигит сөрөй издеп жүргөн имиш, ага кайра карматкым келбей турат колун. Канча убак азап чекти ошонун айынан. Апасы да жанын койбойт го кызымдын. Бир курбум, балалуу болбой ажырашкан иниси бар экенин, баласы менен болсо да келин алаарын айтып жатат. Ачык айтып, кызымды ошого берсемби? Качанга чейин жашырынып жүрмөк эле…