Кандай кырдаал болбосун милиция кызматкерлеринин ден соолугу үчүн тыным албай кам көрүп келе жаткан ак халатчандар Касымбекова Саламат жана Омурзакова Чынара Жашоодо биринчилерден болуп адам баласына эмне керек деген суроого – баарыбыз эле чын ден соолук деп жооп беребиз.

Эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдун айлана чөйрөңдө жашаган элдин ал-акыбалы, ден соолугу чын болсо, анда адамдын бактылуу болуусу бул факт. Ден соолук – бул бакыт. Ал эми бул бакытты көп жылдар боюу сактап калууда ак халатчандарыбыздын салымдары зор. Дарыгер деген сөздү укканда көз алдыбызга дароо эле ак халат кийген ден соолук сакчыларын элестетебиз. Адамдын өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Дарыгерлер адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден соолугун коргоп, сактап ар бир адам баласына күлкү, шаттык, ишеним жана жашоого үмүт тартуулайсыздар. Ал эми ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөгөн ак халатчандарыбыз жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар ар дайым милиция кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүдө өздөрүнүн тайманбастыгын өз кесибинин мыкты чебери, сүйөрманы экенин айтпасакда белгилүү.

 Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөп келе жаткан ден-соолук сакчыларыбыз жөнүндө айтсак, алар бир эле учурда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө күндүн ысык, суугуна карабастан ар кандай кырдаалдарда милиция кызматкерлери менен тең тайлаша кызмат өтөп милиция кызматкерлеринин дени сак болуусуна ар качан кам көрүп өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келүүдө.

Бүгүнкү биздин каармандарыбыз ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун ак халатчандары милициянын улук прапорщиктери Касымбекова Саламат жана Омурзакова Чынара, алар ар дайым полктун кызматкерлеринин ден-соолугуна кам көрүүдө өздөрүнүн кесипкөйлүлүүгүн көрсөтүп ак кызматын аркалап талыкпай кызмат өтөп келет. Бүткүл дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 илдетине каршы турууда жана күрөшүүдө талыкпастан кызмат өтөп ар бир кызматкердин ден-соолугуна кам көрүүдө ак халатчандарыбыздын эмгегине баа жеткиз.

 Кандай кырдаал болбосун милиция кызматкерлеринин өмүрү, ден соолугу үчүн тыным албай кызмат өтөп өз милдеттерин чоң, жоопкерчиликте аткарууда. Үмүттүн шамын жандырган ден-соолук сакчыларынан адамдар оорудан жана илдеттен айыгууну гана эмес, сиздерден жылуу мамилени, мээрмандыкты жана сабырдуулукту күтөт. Бүгүнкү күнү мээрмандыктын символу ак халатчандарга кандай ыраазычылык айтпайлы аздык кылаар. Ак халатчан ардактуу кызматкерлерибизге ден соолук каалап таазим кылабыз!

ИИМдин «Шумкар» АБПнын Басма сөз кызматы

Нет описания.
Нет описания.