Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында жайгашкан  «Тоскоол ата» мечитинин имамы Курманбек дамбылда Акматалиев жергиликтүү эл үлгүлүү алчу ишти өзү баштап берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Былтыр ушул маалда анын байбичеси дүйнө салган эле. Анын жылдыгына эл чакырып, дасторкон жайып чакыруунун ордуна Ноокен райондук ооруканасына 10 000 сом жана айылдык ФАПка 5000 сом акчалай түрүндө жардам берип, буга кеткен соопту байбичесине багыштады.

Элдин саламатчылыгы үчүн күн-түн дебей өмүрүңөрдү тобокелге салып кызмат кылып жатасыздар. Мен дагы ооругандарга жардам берүүнү максат кылып, байбичемдин жылдыгына чыгымдоочу  каражатты сиздерге тапшырууну туура көрдүм. Себеби сооп табуунун  түрлөрү аябай эле көп чынында. Бирок, тилекке каршы биз тамак-аш тартуулоону гана адатка айландырып алганбыз”,-деди Курманбек дамбылда.