«Бир Бол» партиясы учурдагы парламенттин бир фракциясын түзүп турат. Азыр болсо кийинки шайлоого камданууда. Канча кылган менен өлкөдө саясий кырдаал башкача болуп турат. Жаңы түзүлгөн  сыяктанган, бирок бийлик менен акчалуулар колдогон партиялар бар. Ошолор менен атаандаштыктан өтүп парламенттен орун алуу керек.  Мына ушундай кырдаалды эске алуу менен Алтынбек Сулайманов партиянын курамын жаңыртууда. Көпчүлүгү билимдүү, чет мамлекеттен окуп келген, жаңыча ой жүгүртө алган инсандар менен тизмесин түзүп жаткандыгы маалым болду. Бул туура көрүнүш. Бирок маселенин экинчи жагы бар. Биздин электорат үчүн төбөсү көрүнүп калган таанымал инсандар да тизмеде жүрүүсү зарыл.

Андайларды карсак сап башында Алманбет Шыкмаматов жүрөт. Ал “Ата-Мекен” фракциясынын лидери катары калайыкка таанылды. Өтө проблемалуу маселелерди курч көтөрүп, тартынбай айтып чыкканы менен элдин эсинде калды. Өзгөчө белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн бошотуп чыгууга көп эмгек сиңирди.

Жандоочу кийик аттырат демекчи Алтынбек мырза Шыкмаматов сыяктуу инсандарды катарына тарса анын партиясынын салмагы артаары турган иш.  “Бир Бол” партиясын саясий эксперттер парламенттен орун алчу топтун катарына кошуп жатышат.