КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгонбаев кызматтан кеткенин соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал кыргыз элине кайрылуу жолдоп, кызматтан эмнеден улам кеткенин ачыктаган жок.

«3 жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. Төрагалык учур пандемияга туш келгенине байланыштуу дээрлик жыйынга чогула алган жокпуз, болгону май айынын аягында мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча ЖКга отчет бердик. 11-август 2020-жыл Кеңештин төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Коомдук квотадан шайланганыма байланыштуу колумдан келбеген иш болсо коомчулуктан кечирим сурайм!!! Өмүрүмө да, өнөрүмө да өбөлгө болгон «Айтыш» коомдук фондунун мага ишеним артканына ыраазымын. Кыргыз элинде ынтымак жана ырашкерлик болсун»,-деди Болгонбаев.

Азамат Болгонбаев 2017-жылы Жогорку Кеңештин тандап алуусунун негизинде КТРКнын Байкоочу кеңешине «Айтыш» коомдук фондунан көрсөтүлүп, коомдук квота Президенттин жана ЖКнын да квотасынын негизинде өткөн. Быйылкы жылдын 6-февралында Кеңешке төрага болуп шайланган.