Маркум  Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева өзүнүн инстаграм баракчасына, «Кыз балага оор күндө баш жөлөй алчу жалгыз ийин – ата-эненин ийини»,-деп жазды.

“Кыз балага оор күндө баш жөлөй алчу жалгыз ийин – ата-эненин ийини. Кээде буркан шаркан түшүп ыйлап келесиң, кээде көзүң жанып кубанып келесиң, кээде мелт-калт түшүп, айланаңдагы адилетсиздиктердин баарын ичке жутуп келесиң- эч унчукпай ийинин тосуп берет. Жөлөнөсүң, дүйнөдө жок коопсуздукту сезесиң.

Мен ушул ийиндерден башымды көтөрө албай жаткан күндөр болду, сүйлөөгө да ал келбеген, баарынан көңүл калган… Бул ийиндердин дагы бир касиети, сени жөн гана жөлөп койбой, ишеним жаратат, тургузат, мүдүрүлө кетсең таяйт, кубаттайт. Бүгүнкү жакшы абалым да ошол ийиндердин урматы үчүндүр. Мен бул ийиндердин түбөлүк болушун, оорубашын күндө тилейм. Ошондой эле, өзүм да кичинекей башын жөлөп алган балама мыкты ийин болууну самайм…”.

https://www.instagram.com/p/CDwPimsnE0i/?utm_source=ig_embed