Бишкек жана Ош шаарларында түзүлүп жаткан Кайгуул милициясына талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Аталган долбоордун стратегиясы жана пландары Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүгүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан түзүлгөн. Кайрадан түзүүнүн негизги максаты-жарандардын ишеним көрсөтүүсү менен ишенимдүү коргоочусу жана өнөктөшүн көрө турган милицияны түзүү. Ал эми маанилүү максаты ЖКККББ менен МККнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болуп саналат.

 2020-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кабыл алуу боюнча сынактын 5-туру (тестирлөө) жыйынтыкталды. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 223 талапкер баштапкы өтүүчү баллды алса, ал эми 22 талапкер өткөн эмес. 2020-жылдын 24-25-август күндөрү физикалык даярдык боюнча нормативди тапшырышып, андан өткөндөр 27 жана 28-август күндөрү талапкерлерди тандоо боюнча комиссиядан маектешүүдөн өтүшөт.

Бишкек шаарында топтолгон тажрыйбалар өлкөнүн башка региондорунда патрулдук милицияны түзүүдө эске алынмакчы. 2020-жылдын 5-июнь күнүнөн баштап Ош шаарында Милициясы кайгуул кызматы бөлүмүнө кызматкерлерди алуу боюнча ачык сынак уюштурулган. Ош шаарынын Кайгуул милициясына 497 талапкер арыздарын таштаган. Анын ичинен 264 жөнөкөй жарандар.

 Арыздарын таштаган талапкерлер 13-август күнү тестирлөөдөн өтүшөт. 18-19-август күндөрү физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырышып, андан өткөндөр 20 жана 21-август күндөрү талапкерлерди тандоо боюнча комиссиясы менен маектешүү күтөт. Сынактарды өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучуларга бирдей. Биринчи этапта жалпы сабаттуулукту текшерүү үчүн Билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунда тесттен өтүшөт. Баштапкы баллды алгандар аскердик-дарыгердик комиссиядан, андан соң физикалык даярдыктан өткөнгө уруксат берилет.

Ден соолугунун абалына байланыштуу жана физикалык нормативдерди тапшыра албагандар кийинки сынакттарга катыша алышпайт. Эң акыркы этабы бул тандоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан маектешүүдөт өтөт. Бишкек шаары боюнча сынактык тандоодон ийгиликтүү өткөндөр Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын базасында, ал эми Ош шаары боюнча ИИМдин Республикалык окуу борборунун базасында 3 айлык курстан окуудан өтүшөт.

Окуунын жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөө үчүн келишим түзүшөт. Белгилүү болгондой эле, Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы ЖКККБ менен МККны бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн. Аларга шаардагы жол кыймылынын жана коомдук коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жүктөлгөн. Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы эң жыйынтыктарды берүүдө. Кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабынан коррупцияга аралашууга жана орунсуз жүрүм-турумдарына жол бербөө максатында жарандардын кайрылуулары менен арыздары боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Ошондой эле, ИИМ тарабынан дагы ички көзөмөл жүрүп жатат.

Буузуларга жол берген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жазаланат. Өткөн убак ичиндеги ишинин жыйынтыгы мурдагы ЖКККБ менен МКК караганда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын натыйжалуулугун жогорулаганын көрсөттү. Андан сырткары, коррупциялык көрүнүштөр азайып, тескерисинче жарандардын кайрылуулары көбөйүп, милицияга болгон ишеним өскөндүнүн кабар берет. Кайгуул милициясы менен жарандардын ортосундагы мамиле дагы жакшы нукка өзгөрүлдү.

ИИМдин Басма сөз кызматы