Пандемия маалында сырттан келген каражаттын бир бөлүгүн инфраструктуралык маселелерди чечүүгө сарптап, экинчи жарымын тез арада ишкерлерге бөлүшүрүп берүү керек болчу. Мындай пикирин мурдагы экономика министри, эксперт Эльдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, кандай гана кризис болбосун, мамлекет экономикага көбүрөөк акча киргизүүгө умтулушу керек.

“Мен кризиске каршы фонд түзүп, алган карыздын баарын ошол фондго салмакмын. Фонддогу акчаны эки ыкма менен бөлүштүрөт элем. Биринчиден, Кыргызстанга эмне жетишпейт? Кеминде 800 мектеп керек. Бала бакчаларга муктажбыз. Кудай сактасын, вирустун экинчи толкуну болсо, нормалдуу ооруканалар керек. ГЭСтерди качантан бери кура албай жатабыз. Кризиске каршы фонддогу акчанын кеминде жарымын мен ушул объекттерди курууга жумшайт элем. Мындан эмнени утмакпыз? Биринчиден, жумуш орундары түзүлмөк. Экинчиден, элге керек инфраструктуралык объектилер курулмак. Үчүнчүдөн, биз элге жашоого үмүт бермекпиз”, — дейт Абакиров.

Ал фонддогу каржынын экинчи бөлүгүн ишкерлерге бөлүштүрүү бир топ көйгөйлөрдү чечмек дейт.

“Акчанын экинчи бөлүгүн Кыргызстандагы менмин деген ишкерлерге кыска мөөнөттө бөлүштүрөт элем. Экспортко товарын чыгарган канча деген ишканалар бар. Жакынкы 2-3 жылда алар Кыргызстандын экономикасын азыркыдай 4-5% эмес, кеминде 10%га өнүктүрүүгө бизге база бермек”, — дейт Абакиров.

Пандемия башталгандан бери сырттан 330 млн доллар кредит жана грант келди, алдыда дагы ушунча каражат келет. Акчанын көбүн өкмөт бюджетте иштегендердин айлыгына сарптап, коронавирус менен күрөшүүгө даярдана албаганы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.