Москва шаарынан Ошко 160 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, алар 12-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын Москва—Ош багыты боюнча келишти. 

Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.