АКШ Аскер күчтөрүнүн Начальниктер комитетинин төрагасынын орун басары Жон Хайтендин пикири боюнча Россияга сес көрсөтүп туруу үчүн Америка кубаты чакан ядролук куралдардын арсеналын көбөйтүүсү зарыл.

«Россия тарабынан болуучу коркунучка жооп берүү үчүн бизге сөзсүз түрдө деңиз үстүндө жайгашуучу канаттуу ракеталар, ал эми жалпы коркунучту кармап туруу үчүн кубаты чакан ядролук куралдардын санын көбөйтүү абзел»-деп кошумчалаган генерал.

Буга чейин Пентагон башчысы Марк Эспер ядролук курал-жарактарынын кубаты боюнча АКШ өзүнүн потенциалдуу каршылаштарынан бир кыйла алдыда экендигин ишенимдүү түрдө белгилеп кеткен.