Дональд Трамптын оюу боюнча: «Эгерде алдыда боло турган президенттик шайлоодо АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден утуп чыкса, Кытай Америка Кошмо Штаттарын өз билгениндей калчайт».

«Айтты-койду дебегиле. Көрөсүңөр, дал ошондой болот. Мен утулдум дегиче, Америка Кытайдын алдына чөгөлөп отуруп берет. А силер, англис тилин жыйнаштырып, кытай тилин өздөштүрүүгө мажбур болосуңар»-деп кошумчалаган.

Буга чейин Байден Коннектикут штатында өткөн праймеризде жеңип чыккандыгы, ошондой эле алдын ала алынган маалыматтар боюнча шайлоочулардын 85%нын добушуна ээ болгондугу тууралуу айтылган. Белгилей кетсек, АКШ президентин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында өтөт. Республикачылдардан ага азыркы президент Дональд Трамп катышмакчы.