Бейрук портунда болуп өткөн жарылуудан соң болжол менен 4 миңдей имарат жана 4214 автоунаа толугу менен же жарым жартылай түрдө жабыркаган. Бул тууралуу 12-август күнү Ливан Ички коопсуздук башкармалагы билдирүү тараткан.

Талап-тоноо аракеттерине бөгөт коюу үчүн учурда квартал сайын жандармерия бөлүктөрү коюлган. Видеоконференциянын жүрүшүндө Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун регионалдык директору Ричард Бреннан Бейрутта клиникалар менен медициналык борборлордун 50%дан ашыгы иштебей калган.

Ал эми Бейрук мэриясынын кризистик штабынын мүчөсү Хода Кустанын айтуусунда жарылуунун кесепетинен улам 300 миң адам үй-жайсыз калган.