Жаңы конушка өз үйүбүз бүтүп көчүп келдик. Көп кабат үйдө жашап, жер тамга келгенде кенен бир аалмга чыккандай эле болдук. Балдарым айрыкча жыргады, багалегине чейин чаң болуп ойноп келишет. Башында баары ойдогудай болду. Бирок, биздин артыбыздагы үйгө жаңы кошуналар келгени тынчтык кетти. Кошунаң тынч өзүң тынч деген кеп бар. Жаш эле үй-бүлө экен. Күйөөсү ичип келип эле аялын, балдарын кошо сабай берет экен. Түн ичинде уктап жатсак эле ызы-чуу башталат.  Аялы кыйкырып, балдары ыйлап эле жатып калышат. Бир эки ирет  барып айткым келди, бирок кандай кабыл алат деп унчукпадым.

Бир күнү балдарым көчөгө ойноп кеткен, чайга чакырып чыксам, ошол артыбызда жашаган келин балдарын ойнотуп жүрүптүр. Жанына  келип таанышып, атын сурадым. Бурма деп сылык гана жооп берди. Өңү түсү келбетүү татынакай келин экен. Ушундай жакшынакай жарын эмнеге урат деп таң калдым. Андан неге жолдошуң сабайт деп сурагандан тартындым.  Күндө кечинде көчөгө  чыгап сүйлөшүп жакын болуп кеттик. Акыры бир күнү сурадым чыдабай.

-Бурма, жолдошуң жакшы эле бала көрүнөт, бирок, кээде түн ичинде үнү угулуп калат – дедим.

— Ооба, эже өзүм да уялам, кошуналар укпаса экен деп. Келесоо да, кээде ичип келип кол көтөрөт. Ичсе көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат имим. Эртеси кечирим сурап жалдырап өлүп кетет – дейт.

Ойлонуп калдым, анда арак жакапайт го. Эгер андай жайы болсо ичпей эле койбобй десең. Балдарда эмне күнөө, бир күнү талуу жерине катуурак уруп койсо эмне болот? Майып болуп калсачы? Ичимден ар кайсыны ойлонуп, өзүмчө кыжалат боло бердим. Байкуш келинге боорум ачыды.

Эки үч күн өтүп, ошол кошуна жигит  көзү башы көгөрүп, колун таңып өтүп калды. Каап мас болуп куласа керек деп ойлоп калдым. Кечинде балдар көчөдө чурулдап ойноп жатышкан. Балдарды караганы чыксам, Бурма да бар экен. Жанына барып, ал жай сурашып, аркы беркини кобурашып отуруп калдык.

-Эже, жаңылык уктуңузбу- деп сурады.

-Жоок, эмне болгон жаңылык.

— Түнкүсүн тынч уктап калдыңызбы?-деп күлдү.

Чынында аны деле элес албаптырмын. Көрсө, жолдошу экөө бир баласын ээрчитип, досторунун үйүнө чогулуп отурушкан экен. Достору баары намаз окуган балдар экен. Адатынча акырын дүкөнгө барып ичип келип мас болгон биздин кошуна, аялына кол көтөрүп, баласын алып ыргытып, көпчүлүктүн көзүнчө концертин коюп калат. Ошол мезгилде, дос балдары чогулуп, колунан сүйрөп эшикке алып чыгып, араак алып барып, өлөрчо сабап, аялга балага кол көтөрүүнүн акесин тааныткан экен. Ошондон бери озүнө келип, экинчи кол көтөрбөйм ичпейм деп намазга жыгылыптыр.  Угуп аябай кубандым. Чынында азыр күчүн аялдан чыгарган эргулдар көп эмеспи. Аларга чыдаган биздин кыздар да кыйын. Алар деле үй-бүлө бузулбасын, балдарым атасыз калбасын деп ойлошот да. Бирок, алсыз жандарга кол көтөрүп күчүн ошолордон чыгаргандарга ушундай сабак берсе болчудай экен.