Бул тууралуу, саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Той өткөрүптүр, аш бериптир, Куран окутуптур… анан тойканага (чайканага) айып пул (штраф) салыныптыр деп угуп жатабыз…

Аш-той өткөрүүгө, элди чогултуп Куран окутууга болбойт, бул учурдагы айныксыз эреже. Бирок эрежени бузгандар көп. Муну жөнөкөй айып пул менен токтотууга болбойт, анткени ошол эле Тойкана же Чайкананын ээси мындан да пайда таап жатат, макул болгону үчүн айып пулдун санынан эки же үч эсе акча алат… айыбын төлөгөндөн кийин да өзүнүн чөнтөгүндө калат.

Ошондуктан көрүлгөн чара натыйжалуу болгондой чечим зарыл.

Биринчиден, ар бир тойкана же чайкана даректүү түрдө жоопту кызматкерге бекитилиши керек, ал күнүгө көзөмөлдөп турууга милдеттү. Эгерде кайсы бир жерде тартип бузулса (эл чогулуп аш-той өтсө), анда ошол жерди көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдын кызматкери токтоосуз кызматтан кетиши керек, ал эми ошол тойкана (чайкана) бир жылга толугу менен жабылышы керек, эшик-терезелери бүтүн бойдон пломбуланып.

Болбосо азыркыдай мышык-чычкан ойноп жүрө беребиз,”-деп жазган.