Англиянын Бристоль шаарынын тургуну 3 жыл мурун көз жумган жолдошунан экстракорпоралдык (ЭКО) уруктандыруунун көмөгү менен эгиздерде төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Люси Келсолл Дэвидке 2012-жылы турмушка чыккан. Жубайлар баш кошкон күндөн тартып эле балалуу болуу ниетинде жүрүшкөн. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, Дэвид коркунучтуу ооруга чалдыгып, комага түшүп акыры моюнундагы рак шишигинен 2017-жылы каза табат. Арадан 7 жыл өтүп кеткени менен Люсинин боюнда болгон эмес.

Жолдошунан бололуу болуунун амалын көргөн Люси акыры ЭКО аркылуу каза болгон жолдошунан эмбриондорун катыруу чечимин кабыл алды.

Биринчи жолу жасаткан ЭКОдон натыйжа бербеген соң экични ирет тагыраагы 2019-жылы кайрадан жасатып, анын жыйынтыгында Люси эгиз төрөдү.

Эгиздерге Дэвид жана Сэмюэл ысымдары коюлду. “Мен күн сайын балдарыма атасы тууралуу айтып берип. Атасы алардын өмүрүнүн бир бөлүгү болушун каалайм. Жолдошум биздин жүрөгүбүздө ар дайым жашай берет”,-деди Люси